Москвадагы өрттөн каза тапкандардын арасында эки өзбек жараны болгон

  • 2 года мурун

Москвадагы хостелде чыккан өрттөн каза тапкандардын арасында эки өзбек жараны болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы миграция боюнча агенттиги билдирди.

«Москвада хостелдеги өрттөн эки өзбекстандык каза болгон. Алар 2003-жылы жана 1986-жылы төрөлгөн Өзбекстандын жарандары. Агенттик маркумдардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт» деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

«Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянып, өлгөндөрдүн арасында Орусиянын, Беларустун, Өзбекстандын жана Азербайжандын жарандары болгонун жазды.

Москва шаардык прокуратурасы өрттөн каза болгон сегиз кишинин тек жайы аныкталганын кабарлады.

«Алар 19, 33, 35, экөө 60 жана дагы экөө 38 жаштагы эркектер болгон. Азыр дагы бир кишинин жаш курагы аныкталып жатат» деп билдирди мекеме.

Буга чейин 29-июлга караган түнү Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн 8 адам каза болгону, алардын баары эмгек мигранттары экени кабарланган. Маалыматка караганда, өрт саат 23:47де жатакананын биринчи кабатындагы бөлмөдөн чыгып, 150 чарчы метрдей аянтка жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр онго жакын кишини куткарып, дагы эки жүздөй адам имараттан тышка чыгарылган.

Кырсык боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон. Мекеменин божомолу боюнча өрт электр зымдарындагы мүчүлүштүктөрдөн улам чыккан болушу мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты