Москвада өрттөн сегиз мигрант каза тапты

  • 2 года мурун

29-июлга караган түнү Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн 8 адам каза тапты.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, саат 23:47де жатакананын биринчи кабатындагы бөлмөдөн чыккан өрттөн 100 чарчы метрдей аянт жабыркаган.

Маалыматтар боюнча каза тапкандардын баары мигранттар, азыр алардын жарандыгы аныкталууда. Бир адам өрттөн куткарылып, дагы эки жүздөй адам имараттан тышка чыгарылган.

Өрт 00:47де өчүрүлгөн. Каза тапкандардын баары бир бөлмөдө жаткан жана алар өрттүн исине ууккан. Болжол менен алар кырсык маалында уйкуда болушкан. Жалын электр кубатынан чыгышы ыктымал, ал эми терезелерге коюлган темир торлор жана өрт тууралуу кеч жеткен маалымат көп кишинин каза болуусуна себеп болгон.

Кырсык боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Алгачкы текшерүүлөр хостел өрттөн коргонуу эрежелерин сактабай келгенин аныктады.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты