Москвада мигранттарды жапырт текшерип жатат

  • 10 месяцев мурун

Орусиядагы мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт бөлүмдөргө алып кетип жатканын билдирди.

Учурда Интернетте полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тарап жатат.

Разыкуловдун айтымында, Москвадагы “Текстильщики” метросунун алдындагы бир эле кармоочу жайда 150 мигрант кармалып турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыздар, жыйырмага чукулу гана Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 5 миң рубль айып пул салынып, ишин сотко өткөрүшүүдө.

Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги аларга укуктук кеп-кеңештерди уюштурууда. 23-июнда элчилик Орусиянын Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунун жетекчиси А.Лагода жана Москва шаары боюнча соттук пристав О.Писакин менен жолугушкан. Аталган борбордо кармалып турган аялдар (25 адам) кармоо шарттары боюнча даттануулары жок экенин билдиришкен.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” аттуу рейддин биринчи этабы жүрдү. Экинчи этабы октябрь айына пландалган. Иш-чара март айында ЖККУга мүчө өлкөлөр менен макулдашылганы маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты