Англияда жүргүнчүлөр поездине кол салынып, 11 киши жаракат алды  

  • 2 недели мурун

Англияда жүргүнчүлөр поездине кол салынып, 11 киши жаракат алды. Шектүүлөр полиция тарабынан кармалган. Азырынча алардын аты-жөнү ачыктала элек.

1-ноябрь күнү кечинде эки киши Англиянын Донкастер шаарынын Лондонго бара жаткан жогору ылдамдыктагы поезддин жүргүнчүлөрүнө бычак менен кол салган. Бул тууралуу Sky News басылмасы билдирди.

Поезддеги кол салуунун кесепетинен он киши ооруканага жаткырылды, анын ичинен тогуз кишинин абалы оор экендиги айтылды.

Поезд Кембридшир графчылыгынын Питерборо станциясынан жөнөп кеткенине 10 мүнөт болгон. Жергиликтүү убакыт боюнча 19:40 та (Бишкектики боюнча түнкү 1:40 та) полицияга маалымат түшкөн.  

Поездди Хантингтон станциясынан токтотушкан. Полиция кызматкерлери шектүүгө электрошокер колдонуп, чоң бычак көтөргөн кишини кармашкан. Полиция муну “олуттуу окуя деп эсептеп, иликтөөдө террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмү да иштешип жаткандыгын билдирген.

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер бул “коркунучтуу окуя” экендигин социалдык тармакка жазган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты