Орусияда «Нелегал-2023» операциясы өтүүдө

  • 11 месяцев мурун

Орусияда “Нелегал-2023” федералдык комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүүдө. Орусиялык басылмалар Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдиргендей, операциянын биринчи айлампасы 19-25-июнь, экинчиси 2-8-октябрь аралыгында  болот.

Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, “Нелегал-2023” операциясынын максаты –мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу, мыйзамсыз миграцияны уюштурууга, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк, курал-жарак жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан кылмыштуу топтордун ишмердигин чектөө.

“Нелегал-2023” операциясы Тажикстандын жарандарын Орусияда кармоонун уландысы болуп калды. Өткөн айдан бери “Озоди” радиосуна Орусиянын ар кайсы аймактарынан тажик мигранттарына карата жүргүзүлгөн рейддер жана кордуктар тууралуу ондогон видеолор келип түшкөн. Мигранттардын айтымында, камоолор ырайымсыз мамиле, мазактоо менен гана эмес, уруп-сабоо менен да коштолууда.

Орусиянын бийлиги мигранттардын жапырт кармалышын жергиликтүү тургундардын даттанууларынын негизиндеги жүргүзүлгөн кадимки текшерүү деп атаган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты