Москвада үч жумушчунун өлүмүнөн кийин компаниянын директору кармалып, кылмыш иликтенүүдө

  • 2 года мурун

Москвада суу коллекторундагы үч жумушчунун өлүмүнөн кийин жалданма уюмдун директору кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Каргашалуу окуя 7-августта Москва шаарынын Люблино районунда болгон. Катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адам агып кеткен. Алардын экөө — кыргызстандык жигиттер, бирөө — тажик жараны.

Тергөө комитети коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

“Ушул тапта 1984-жылкы жеке компаниянын башкы директору кармалды. Ага карата тиешелүү тергөө аракеттери көрүлүүдө. Кылмыш иши боюнча иликтөө уланууда” деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматка караганда, учурда миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү — Орусияда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты