Москвада коллекторду тазалап жатканда суу агызып кеткен кыргызстандык эки жарандын сөөгү табылды

Орусиянын прокуратурасы жана өзгөчө кырдаалдар министирлиги РИА новости агенттигине Москвада жаан учурунда коллектордо оңдоо иштери жүрүп жатканда жоголгон үч жумушчунун сөөгү табылганын билдиришти.

Москва бийлигинин берген маалыматына ылайык,  Люблино районунда 13 жумушчу коллекторду тазалап жаткан учурда катуу жамгыр жаап, суунун агымы көбөйүп, аларды агызып кеткен. Алардын бешөө коллектордон өз алдынча чыгып, дагы бешөөнү куткаруучулар чыгарып, ал эми үчөөнү таба алышкан эмес.

Москва прокуратурасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Людмила Нефедова алгач бир адамдын, кийин эки адамдын сөөгү табылганын билдирген. Алардын бири — Тажикстандын, экөө Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты