Москва Украинадагы бийликти кулатуу ниети жок экенин билдирди

  • 2 года мурун

Орусия Украинадагы бийликти кулатууну максат кылбайт.

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарова шаршембидеги брифинг учурунда билдирди.

Согуштун башында Президент Владимир Путин украин аскерлерин төңкөрүш уюштурууга чакырган. Анда өлкөнүн легитимдүү жетекчилигин «баңгилердин жана неонацисттердин уюшкан тобу» деп атаган.

Захарованын айтымында, согуш Донбасcтагы орусиячыл жикчилдерди коргоону, Украинанын «демилитаризациясын» жана «ашынган улутчулдардан арылышын», ошондой эле Орусияга болгон аскердик коркунучту жоюуну көздөйт. Москва кол салардан бир күн мурун Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды «көз каранды эмес мамлекеттер» деп тааныган. ТИМдин өкүлү «Орусиянын кошуна өлкөнү оккупациялоо же анын мамлекеттүүлүгүн талкалоо планы жок» экенин билдирди.

7-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москва Киевден нейтралитет тууралуу жобонун Конституцияга киргизилишин, жикчилдердин эгемендигин таанууну жана аннексияланган Крымга көз артпоону талап кылганын билдирген.  

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты