Кремль Украинадагы аскерий иш-аракетин кандай шартта токтотоорун билдирди  

  • 2 года мурун

Орусия аскерий операциясын, эгерде Киев алардын шартын аткарса, каалаган учурда токтотоорун билдирди.

Бул тууралуу 7-мартта Орусия мамлекетинин башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Reuters агенттигине берген интервьюсунда билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Дмитрий Песковдун айтуусу айтуусу боюнча, Украина Крымды орусиялык деп таанышы керек, ошондой эле Донецск жана Луганск Элдик Республикаларын таанышы керек. Ошондой эле Украина Конституцияга өзгөртүү киргизүүсү шарт, ал эми кайсы бир блокко кирбеши керек.

“Биз Украинанын демилитаризациясын аяктап калдык. Биз анын аягына чыгабыз. Алар (украиндер) согуштук иш-аракетти токтотушу керек” деп белгиледи Песков.   

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. 

7-мартта эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды. Москванын териштирүүнү четке какканына, орусиялык юристтердин Гаагага барбай койгонуна карабай, Бириккен улуттар уюмунун жогорку соту ишти кароону баштады.

Сүрөттө: Дмитрий Песков. ТАСС.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты