Москва шаарында жарым-жартылай мобилизация өнөктүгү соңуна чыкты

  • 2 года мурун

Москва шаарынын аскер комиссары Орусиянын Президентинин жарлыгынын негизиндеги Коргоо министрлигинин тапшырмасы толук аткарылып бүткөнүн кабарлады.

Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мобилизациялангандарды чогултуу пункту 17-ноябрда саат 14:00 дө жабылат. Мобилизация учурунда жашаган жана иштеген жактарга жөнөтүлгөн каттар күчүн жоготот.   

“Мобилизация үй-бүлөдө атасы, күйөөсү жана баласы аскерге кеткен миңдеген москвалыктарга өтө чоң сыноо болду. Ошентсе да, жарым-жартылай мобилизация койгон милдеттерди аткаруу москвалыктар үчүн биринчи кезекте жоопкерчилик, милдетин сезүү жана мекенчилдик сезимдеринин натыйжасында мүмкүн болду.  Менин урматтууларым, силерге алкышымды билдирем. Биз баарыбыз силердин тагдырыңарга боор тартып, силердин алдыңардагы жана болуп өткөн кыйынчылык менен коркунучтарга кабатыр болуп жатабыз.  Силер аман-эсен, жеңиш менен кайтып келгиле. Биздин өлкөнүн коопсуздугун жана көз карандысыздыгын коргодуңар” деп жазды Москванын мэри Собянин.   

“Москва силердин үй-бүлөңөр жана жакындарыңар тууралуу кам көрөт. Биз мурдагыдай эле Коргоо министрлигине материалдык-техникалык жактан түздөн-түз таасир этүүгө салым кошобуз.  Москвалыктар кызмат өтөгөн аймактардын жетекчилиги менен бирге аскер бөлүктөрүндөгү турмуш-тиричиликти жакшыртууга көмөк көрсөтөбүз” деп билдирди Собянин.

21-сентябрда Орусиянын Президенти Владимир Путин резервде турган жарандарды жарым-жартылай мобилизациялоо жарлыгын чыгарган. Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизацияга 300 миң резервде турган адам туш болорун билдирди. Ошол эле учурда Орусиянын мобилизациялык ресурсу 25 млн адам деп айтты.  

Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында өткөн мобилизацияга каршы акцияларда жүздөгөн киши кармалды. Москвада Старый Арбатка, Санкт-Петербургда Исаакиев соборунун алдына чогулгандар «Балдарыбызга — жашоо!», «Путинди — окопко!» жана «Согушка каршыбыз!» деп кыйкырышты.

Дагестанда мобилизацияга каршы митингдер өттү

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин кыска убакыттын ичинде эле орус жарандары визасыз бара ала турган өлкөлөргө авиабилеттер сатылып кетти.

Орусия бийлиги мобилизациядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын аты-жөндөрүн каттоого алып жаткандыгы кабарланган.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты