Бишкекте Кронштадт көчөсүндө унаа кыймылы калыбына келтирилди
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы Кронштадт көчөсү Манас көчөсүнөн( мурдагы Фучик көчөсү) Месарош көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. 14-сентябрдан тартып жолдун аталган тилкеси кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, жол инфраструктурасы иретке келтирилди.
Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана белгиленген ылдамдык режимин сактоого чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




