Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Стамбул, Минск жана Ереванга авиабилеттер тез эле сатылып кетти

  • 2 года мурун

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин кыска убакыттын ичинде эле орус жарандары визасыз бара ала турган өлкөлөргө авиабилеттер сатылып кетти.

«Верстка» басылмасы 21-сентябрга Москва–Стамбул жана Москва–Ереван түз каттамдарына билеттер бир нече сааттын ичинде эле толук сатылып кеткенин жазды.

«Аэрофлоттун» сайтында 21-сентябрга Москва-Минск каттамына билеттер жок калып, 22-сентябрга эконом-класска 43 106 рублден (адаттагы баасынан дээрлик 10 эсе кымбат), бизнес-класска 106 631 рублден сатылууда. Жарандар аларды да тездик менен сатып алып жатышат.

Азырынча Беларус Орусиянын жарандары үчүн «ачык терезе» бойдон калууда – алар бул өлкөгө ички паспорттору менен кирсе болот. Мындан тышкары орусиялыктар Беларуска автобус же жеке автоунаа менен барган учурда алар үчүн чек ара көзөмөлү жок. Орус жарандарынын документтери алар учуп барганда гана транспорттук компаниялардын кызматкерлери тарабынан текшерилет.

Орусиядан Беларуска азырынча поезд же автобус каттамдарына билет сатып алса болот.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик Дума өлкөнүн кылмыш-жаза кодексин «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты