Мисирде Кыргызстандын элчилигин ачуу жарлыгына кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы элчилигин уюштуруу жарлыгы чыкты. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу 15-декабрда маалымат берилди.

Элчилик Каир шаарында жайгаштырылмакчы.  

Министрлер кабинетине Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) штаттык санын 5 бирдикке көбөйтүү жана Египеттеги элчиликтин ишин уюштуруу, финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү тапшырмасы жүктөлдү.  

Жарлык 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жарлык Кыргызстандын Мисир мамлекети менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Президент Садыр Жапаров 4–5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу расмий сапар менен Мисирге (Египет) барды. Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Каир шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты