Садыр Жапаров Мисирге расмий сапар менен барат

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 4–5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу расмий сапар менен Мисирге (Египет) барат. Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болот.

Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган.

Сүрөттө: Мисирдин борбору Каир шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты