Мирзиёев Конституцияда Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактаган беренени калтырууну сунуштады

  • 2 года мурун
Мирзиёев Конституцияда Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактаган беренени калтырууну сунуштады

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 2-июлда Каракалпак автоном республикасынын борбору Нукус шаарына келип,  Конституцияда автоном республиканын суверендүүлүгүн сактаган пунктту калтырууну сунуштады.

Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды.  

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында 1-июлда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы жапырт нааразылык акциясы өттү.

Митингге катышкандар Өзбекстандын Конституциясынан Каракалпакстандын Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу тууралуу жобону алып салууга каршы болушууда. 25-июнда элге алынып чыккан долбоорго ылайык, бул аймак Өзбекстандын курамынан чыгуу боюнча референдум өткөрүү укугунан ажырап калмак болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты