Мирзиёев 12 акимди жана беш аткаминерди кызматтан алды

  • 10 месяцев мурун

9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган Шавкат Мирзиёев 10 райондун жана эки шаардын акимин, ошондой эле беш аткаминерди кызматтан алды.

Бул тууралуу ал 11-июлдагы видеоселектордук жыйында билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, кеп Навои жана Жаңыжол шаарларынын жана Амударыя, Кургантепе, Бухара, Миришкор, Чиракчин, Хатырчин, Пайарык, Акалтын, Гулистан жана Аккурган райондорунун башчылары жөнүндө болууда.

Мындан тышкары Мирзиёев Жолдор боюнча комитеттин төрагасы Абдурахман Абдувалиевди, «Өзбекстан темир жолдору» ишканасынын жетекчиси Хуснитдин Хосиловду, «Узсувтаъминот» ишканасынын жетекчиси Сахиб Саифназаровду, ошондой эле транспорт жана суу чарба министринин орун басарлары Бахтиёр Камалов менен Абдусамат Муминовду кызматтан алды.

Президент өз сөзүндө бул аймактарда инвестициялык климат начар экенин белгилеп, аткаминерлердин кызматтан алынышын алардын «чыккынчылыгы» менен түшүндүрдү. «Мен чет өлкөлөрдө банкирлер жана ишкерлер менен ири долбоорлор жөнүндө макулдашып келүүдөмүн. Бирок менин өкүлдөрүм деп эсептелген адамдар уктап жатышат. Мен ишинде ката кетирген адамды кечирем, бирок чыккынчылык кылгандарды эч качан кечирбейм» деди Мирзиёев.

Президент мындан тышкары «Ўзтўқимачиликсаноат», «Иссиқлик электр станциялари» жана «Ўзсаноатқурилишбанк» компанияларынын башчыларына сөгүш жарыялаганын билдирди. «Бул алар үчүн акыркы эскертүү. Эгер үч айдын ичинде өзгөртүүлөрдү жасабаса, анда алар жоопкерчиликке тартылып, келтирилген чыгымдарды жана түшпөй калган кирешелерди төлөп калышат, – деди Мирзиёев.

Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялап, Мирзиёевди шайлоочулардын 87,1% колдоп, ал жеңишке жеткенин жарыялаган.

Быйыл 30-апрелде өткөн референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалган. Жаңы баш мыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Мындан улам 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү жокко чыгарылып, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүн алды.

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев бийликке мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген. Ага чейин Мирзиёев 13 жыл өкмөт башчы кызматын аркалаган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты