Мирлан Самыйкожо Тууну өзгөртүү тууралуу: Бул эмне деген маскарапозчулук!..

  • 5 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мамлекеттик Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун көптөп кетип, эл менен эсептешпей, 66 добуш менен биринчи окууда өткөрүп жиберишкенин билдирди. Ошондой эле депутат анын ордуна башка бирөө мыйзам долбоорун жактап, добуш берип койгонун айтты.

-Бул маселе бүгүнкү күн тартибине кирмек эмес.  Эч ким билген эмес. Жашыруун түрдө, жасалма жол менен алып кирип, өткөрүп койдуңар.

Экинчи нерсе — менин компьютеримен “Макул” деген добушту басып койдуңар. Ким басса да, жооп бериш керек. Мен Туунун өзгөртүлүшүнө карамандай каршымын!

Үчүнчү нерсе – Баш мыйзамда, 2-берененин 5-бөлүгүндө, референдумга коюлушу мүмкүн деп жазылып турат.  

Туу биздин атрибуттарыбыздын негизгиси эмес беле, биздин эн тамгабыз эмес беле. Кечээ дагы комитетке Туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну дагы алешемдик менен, алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапозчулук, эмне деген көз боемочулук, эмне деген абийирсиздик!  Эшиктеги элдин 90 пайызы каршы деп турат,- деди депутат Самыйкожо.

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты