МинКаб төрагасы Касымалиев Денис Петрашовду дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады
- 4 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телефон аркылуу сууда сүзүүчү Денис Петрашовду Сингапурдагы суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алышы менен куттуктады. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Анда айтылгандай, Адылбек Касымалиев Денис Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун (58,88 секунд) жараткан жеңиши ата мекендик спорт үчүн тарыхый окуя экенин белгиледи. Ал Денис Петрашов дүйнөлүк чемпионаттын секисине көтөрүлгөн биринчи кыргызстандык сууда сүзүүчү болуп, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле спортчунун таланттын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучуларына жана устаттарына ыраазычылык билдирди. Адылбек Касымалиев Денис Петрашов эрдиктин жана спортко берилгендиктин символу экенин, анын ийгилиги бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык жана шыктандыруу экенин баса белгиледи.
28-июлда 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча финалда кыргызстандык Денис Петрашов 58,88 секунддук көрсөткүч менен үчүнчү орунга ээ болду.
Сүрөт: gov.kg




