Кыргызстандык суучул Денис Петрашов дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 28-июлда, 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча финалда кыргызстандык Денис Петрашов 58,88 секунддук көрсөткүч менен үчүнчү орунга ээ болду.
Петрашов мелдешти 100 метрге брасс стилинде сүзүүдөн баштаган. Бул стилде сүзүү үчүн жалпысынан 76 спортчу катталган. Анда кыргызстандык суучул 59,53 секунд жыйынтыгы менен 8-орунду ээлеп, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Петрашов 59,2 секунд жыйынтык көрсөтүп, 7-орунду ээлеп, финалга чыкты.
Денис Петрашов бул аралыкта өзүнүн рекордун жаңылады. Ал буга чейинки рекордду 2025-жылдын май айында АКШда (59,23) койгон.
Денис Петрашов Кыргызстандын тарыхында суу спорту боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан биринчи спортчу болуп калды.
Дүйнө чемпионатында Денис Петрашов менен бирге Айымкыз Айдаралиева катышууда.
Сүрөттө: Денис Петрашов. Интернет булактарынан




