Министрлик: Кыргызстандын калкы жана туристтери үчүн хантавирус коркунучу жок
- 5 месяцев мурун
Ушуайя (Аргентина) — Жашыл Булуң (Зелёный Мыс) аралы (Кабо-Верде) каттамы менен бара жаткан MV Hondius круиздик лайнериндеги хантавирус инфекциясынын чыгуусу жөнүндөгү эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) маалыматтарына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.
-Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматтары боюнча, өлкөдөгү жугуштуу оорулар жаатындагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталууда, күн сайын жүргүзүлүүчү режимде мониторинг улантылууда. Адистердин баалоосу боюнча, Кыргыз Республикасына хантавирус инфекциясынын сырттан келүү тобокелчилиги өтө төмөн, калк жана туристтер үчүн коркунуч жок.
Белгилүү болгондой, “Хондиус” лайнеринле хантавирус тарап, үч киши каза болуп калган. Лайнер Канар аралдарына келип, ал жактан аларды эвакуациялык каттам менен алып кетишкен. Эвакуациялоо учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы, Испаниянын Саламаттык сактоо министри, Ички иштер министри барышкан. Эвакуация бардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлгөндүгү белгиленди.
“Хондиус” круиз лайнеринин жүргүнчүлөрү болгон Франциянын жана АКШнын жарандарынан да хантавирус чыкты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.
Хантавирус адамга кемирүүчү жаныбарлардан жугаарын, кишиден кишиге жугушу өтө сейрек кездешээрин айтышат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




