Hondius круиз лайнерине түшкөн Франция жана АКШ жарандарынан да хантавирус чыкты
- 1 месяц мурун
“Хондиус” круиз лайнеринин жүргүнчүлөрү болгон Франциянын жана АКШнын жарандарынан да хантавирус чыкты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.
Франциянын саламаттык сактоо министри Стефани Рист 11-майда Тенериф аралынан алынып келинген круиз лайнеринин бир жүргүнчүсүнөн хантавирус аныкталганын билдирди. Ал Тенериф аралындагы “Хондиус” лайнери токтогон жерден Парижге алынып келип, ооруканага жаткырылгандан кийин абалы оорлошуп кеткен. Тенериф аралынан Францияга жалпы беш жаран эвакуация болгон.
Ошондой эле “Хондиус” круиз лайнеринде болгон эки америкалыктан да хантавирус чыкканы белгилүү болду.
Буга чейин Испаниянын саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Oceanwide Expeditions круиз компаниясы “Хондиус” лайнеринин 140 жүргүнчүсүнүн биринде да вирус жугузуп алуунун белгилери болгон эмес деп билдиришкен.
Белгилүү болгондой, “Хондиус” лайнеринле хантавирус тарап, үч киши каза болуп калган. Лайнер Канар аралдарына келип, ал жактан аларды эвакуациялык каттам менен алып кетишкен. Эвакуациялоо учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы, Испаниянын Саламаттык сактоо министри, Ички иштер министри барышкан. Эвакуация бардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлгөндүгү белгиленди.
Хантавирус адамга кемирүүчү жаныбарлардан жугаарын, кишиден кишиге жугушу өтө сейрек кездешээрин айтышат.
Сүрөт: Reuters




