ДСУ Конго жана Угандадагы эболаны эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары сыпаттады
- 1 месяц мурун
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Конго жана Угандадан чыккан эбола дартын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал катары белгиледи. Бул тууралуу 17-майда Associated Press агенттиги жазды.
Мындай билдирүүнү ДСУ эки өлкөдө мындай дарттын 300 дөн ашык учуру катталганына, киши каза тапканына байланыштуу жасады.
Эболанын чыгышы КОВИД-19дагы учурдагы өзгөчө кырдаалдагылай эмес ошондуктан эл аралык чек аралар жабылсын еген көрсөтмө берилген эмес.
ДСУ Конгонун борбору Киншастан чыккан эбола лабораториялык жактан тастыкталган.
Эбола калтыратмасы эбола вирусунан пайда болгон, көп учурда өлүмгө алып келе турган дарт. Вирус жугуштуу болуп эсептелет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




