Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Алтай Республикасына үч ак илбирс белек кылды  

  • 6 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, ак илбирсти сактоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Алтай Республикасынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты белгилеп өттү. 

“Алтай Республикасынын “Ак илбирс” борборуна үч ак илбирсти кайра интродукциялоо жана чыңдоо боюнча маанилүү кадам катары өткөрүлдү. Бул жөн гана символикалык акция эмес, Алтай-Саян аймагынын экосистемасынын туруктуулугуна кошкон салымы. Жалпысынан 2019-жылдан бери эл аралык өнөктөштөр менен биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, экологиялык тропторду түзүүнү жана экспедицияларды жүргүзүүнү камтыган 10дон ашык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды. Кыргызстанда “Чаткал” жана “Ак илбирс” деген эки экологиялык коридор түзүлдү. Борбор Азиядагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында коңшу мамлекеттердин аймактарын камтыган трансчекаралык экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Трансчекаралык экологиялык коридорлорду түзүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого гана өбөлгө болбостон, туруктуу өнүгүү үчүн, анын ичинде экотуризм чөйрөсүндө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат” деди Адылбек Касымалиев. 

Ал ошондой эле, учурда Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн жалпы аянты 2 миллион гектардан ашык болгон 96 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы түзүлүп, иштеп жатканын билдирди. Кыргызстан экотуризмди экологиялык жана экономикалык жактан тең салмактуу өсүштүн приоритеттүү багыттарынын бири катары карай турганын, ошол себкптүү өткөн жылы Кыргызстанга 8,9 миллион турист келгенин, анын 20%дан ашыгы экотуризм багыттарын тандаганын кошумчалады. 

Алтайдагы “Миң жүрөк” (“Манжерок”)  эс алуу курортунда эл аралык экологиялык конференция башталды.  

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн бул конференцияга келген бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бирге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты