Алтайда экология маселелери боюнча эл аралык конференция өтүүдө
- 12 месяцев мурун
Алтайдагы “Миң жүрөк” (“Манжерок”) эс алуу курортунда эл аралык экологиялык конференция башталды. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн бул конференцияга келген бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бирге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда.
Эл аралык экологиялык конференцияга — Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Александр Турчин, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышууда.
Сүрөт: gov.kg




