Президент Ошто төрт эм ымыркайлуу болгон үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир белек кылды
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров Ош шаарында төрт эм ымыркайлуу болгон үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир белек кылды.
Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Батирдин ачкычын президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев тапшырды
Ош шаарынын мэриясы билдиргендей, батир жаш наристелер үчүн ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган. Керектүү балдар керебеттери жана коляскалар да тапшырылды. Бул колдоо мамлекет тарабынан үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында көрсөтүлдү.
Шаар мэри өлкө башчысынын атынан жаш үй-бүлөнү куттуктап, наристелерге бекем ден соолук жана узак өмүр каалады. Өз кезегинде төрт эмдин ата-энеси көрсөтүлгөн камкордук үчүн президентке терең ыраазычылыгын билдиришти.
2026-жылдын 12-мартында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында Араван районунун 26 жаштагы тургуну Дилшода Артыкова бир уул, үч кыз төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген.






