Мамлекеттик кызмат жетекчилерине белек алууга чектөө киргизилди

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин кызматкерлерден белек алуусуна чектөө киргизди.

-Быйыл жаңы жылдык корпоративдерге жана мамлекеттик кызмат жетекчилерин өзүнүн кызматкерлеринен баалуу белек алуусуна чектөө киргизилди. Бирок айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла,-деп билдирди Адылбек Касымалиев.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты