2026-жылдагы дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары — ак илбирс болуп аныкталды
- 2 месяца мурун
2026-жылдагы дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын расмий тумары аныкталды. Ал — ак илбирс. Эми бул тумар көчмөндөр оюндарынын визуалдык жана коммуникациялык идентификациясынын ажырагыс бөлүгүнө айланат.
Бул тууралуу дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ак илбирс кокусунан тандалган жок. Бул образ Кыргызстандын жаратылышы, анын ландшафты, мүнөзү жана маданий коду менен тыгыз байланышта. Оюндардын алкагында ал күчтү, кадыр-баркты, урматтоону жана ички тең салмактуулукту символдоштурат, бул сапаттар спортко да, көчмөн маданиятынын философиясына да мүнөздүү.
“Ак илбирс бул күч менен урмат айкалышкан, салттары дүйнөгө ачык Кыргызстанды чагылдырган образ. Бул тумар аркылуу биз дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-нын духун, кадыр-баркты, тең салмактуулукту жана өз ара аракеттенүүгө ачыктыгын деткирүүгө кааладык” деп белгилешти эл аралык Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы.



Сүрөттөр: worldnomadgames.org




