Министрлер Кабинетинин “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтому күчүн жоготту
- 1 неделя мурун
Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу токтом кабыл алды.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин токтому менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2025-жылдын бир катар дем алыш күндөрү январь жана май айларынын башка күндөрүнө жылдырылган.
Бирок 2025-жылдын 28-январында Эмгек кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендиктен, дем алыш күндөрүн которуу боюнча токтомду жокко чыгаруу зарылчылыгы келип чыккан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү