Кыргызстанда минималдуу пенсия 8800 сом болот

Бүгүн — карылардын эл аралык күнү. Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан баштап, минималдуу пенсия 8 800 сом болот.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев  «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык  пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» токтомго кол койгону маалым. 

Токтом президенттнин 10-августтагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес деп бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди. 

Токтом бүгүн, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

1-октябрдан баштап минималдык пенсия 8 800 сом болот. Бул бүгүнкү күнгө салыштырганда 1700 сомго көп.

Буга чейин Министрлер кабинети пенсияларды 2025-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анда эң төмөнкү пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты