Кыргызстандыктар 2025-жылдын 1-7-январында эс алышат

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинети 2025-жылга дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алганын кабарлады.

Токтомго ылайык төмөнкүдөй кабыл алынды:
1) 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алыш күндөрүн белгилөө сунушталат.

— 2025-жылдын 11-январы дем алыш күнүн – 2025-жылдын 2-январы жумуш күнүнө;
– 2025-жылдын 24-февралы дем алыш күнүн – 2025-жылдын 3-январы жумуш күнүнө;
– 2025-жылдын 10-марты дем алыш күнүн – 2025-жылдын 6-январы жумуш күнүнө жылдыруу;
2) 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн катары белгиленет жана иш күнү 2025-жылдын 1-сентябрына дем алыш күнгө жылдырылат.


Белгилей кетсек, алдыда “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө Министрлер кабинетинин айрым токтомдорун кабыл алуу практикасын жокко чыгаруу пландаштырылууда. Кол коюлган соң, бул токтом күчүн жоготот деп болжолдонууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты