Кара-Суудагы «Жаңы Билим» жеке мектебинин лицензиясы жокко чыгарылды   

  • 4 недели мурун

Агартуу министрлиги Кара-Суу районундагы «Жаңы Билим» жеке менчик мектебиндеги мыйзам бузууларга байланыштуу лицензиясын жокко чыгарды.   

Министрликтин 2026-жылдын 27-апрелиндеги  буйругунун негизинде аталган жеке менчик мектепке күндүзгү окуу формасында 100 окуучуга чейин негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берилген. Бирок мектептте 1000 окуучу катталганы аныкталган.

Ошондой эле мектеп 14-майдан тартып «Э-Күндөлүк» маалыматтык системасына 9-класстын 2371 окуучусу боюнча маалыматтарды киргизе баштаган.

Алардын ичинен Кара-Суу райондук сырттан окуу мектебинен 987 окуучу жана «Лицей Эверест» окуу-тарбия комплексинен 46 окуучу которулган.

Мындан тышкары текшерүүдө эмгек мыйзамдарынын жана билим берүү процессин уюштурууга коюлган талаптардын бузулгандыгы аныкталган.

Лицензия алуу максатында анык эмес документтерди жана маалыматтарды киргизип, мыйзам талаптарын одоно бузганы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуулардын негизинде Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 4-июнундагы буйругу менен «Жаңы Билим» билим берүү комплексине күндүзгү окуу формасы боюнча берилген лицензиясы токтотулган.

Ошондой эле лицензиялык талаптарды бузуу фактыларын жоюу үчүн билим берүү комплексине 3-сентябрга чейин мөөнөт белгиленди.

Буга чейин Кара-Суу районундагы «Жаңы билим» мектеп-мекемесинде сырттан окуган 2500гө жакын 9-класстын бүтүрүүчүсү жалпы билими тууралуу күбөлүк ала албай жаткандыгы белгилүү болгон.  Алардын арасында 11-классты аяктаганы тууралуу аттестат ала элек бүтүрүүчүлөр да бар экенин ата-энелер айтып чыгышкан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты