1-октябрдан тартып пенсияларды индексациялоо токтомуна кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев  «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык  пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» токтомго кол койду. 

Токтом президенттнин 10-августтагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди. 

Токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты