Министрлер кабинети санкцияларга байланыштуу Европа Биримдигине каршы сотко кайрылбайт

  • 1 неделя мурун

Министрлер кабинети жакында Financial Times басылмасында жарыяланган Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен болгон маегинде мүмкүн болуучу санкцияларга байланыштуу сценарий талкууланган. Бул сүйлөшүүдө чагылдырылгандай, Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине каршы эч кандай соттук териштирүүнү баштоого ниеттенбейт жана демилге көтөрбөйт.

Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

«Кыргыз Республикасынын позициясы ырааттуу жана өзгөрүүсүз бойдон калууда. Кыргыз Республикасы улуттук мыйзамдарга, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине жана эл аралык укукка толук ылайык аракеттенет. Экспорттук контроль жана санкциялык режимдерди сактоо маселелери эл аралык өнөктөштөр менен макулдашуу жана диалог аркылуу гана чечилет. Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги менен конструктивдүү өнөктөштүккө жана келип чыккан бардык маселелерди белгиленген укуктук жана дипломатиялык механизмдердин алкагында чечүүгө умтулат» деп айтылат маалыматтаю

Кыргыз Республикасы Россияга каршы санкцияларга байланыштуу Евробиримдикке сотко кайрылууга ниеттенбей турганын ырастайт.

Financial Times Данияр Амангелдиевдин айтуусу боюнча, Европа Биримдиги Кыргызстанды Орусияга санкцияны кыйгап өтүүгө жардам берген деп “кара тизмеге” киргизсе, Бишкек сотко кайрыларын жазган.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз тарап экспорттук жана финансылык көзөмөлдүн натыйжалуулугу тышкы экономикалык чынжырдын бардык катышуучуларынын, анын ичинде европалык экспортчулардын да бөлүштүрүлгөн жоопкерчилигин болжолдой турганын белгиледи.

Кыргыз тарап коммерциялык банктардагы контролдук механизмдерди күчөтүү боюнча практикалык кадамдар жөнүндө маалымат берди, анын ичинде операцияларды комплекстүү текшерүү жана талаптарды бузуу коркунучун алып жүргөн транзакцияларды бөгөттөө.

Жолугушуунун жүрүшүндө айрым коммерциялык банктарга карата чектөө чараларына байланыштуу маселелерди этап-этабы менен жөнгө салууга багытталган биргелешкен чаралардын планын даярдоо жана техникалык өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы форматын аныктоо зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстандын бир катар банктары Европа биримдигинин (ЕБ) Россияга киргизген санкция салуу тизмесине киргизилди. Кыргызстандын “Толубай Банкы”, “Евразиялык сактык кассасы банкы” жана “Олд Вектор“ «Гринекс”  компаниялары Европа Биримдигинин санкциясына кабылды. Алар Россияга менен төлөм жүргүзүп, криптоактив жеткирип турат.

Ошону менен кыргызстандык төрт банк Россияга салынган санкция тизмесине кирди. Буга чейин Кыргызстандагы “Капитал банк” жана “Керемет банк” санкиця тизмесине киргизилген.    

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты