Европа Биримдиги Кыргызстан банктарына санкция киргизди. ТИМ жумушчу топ түзүп, аудит жүргүзүүгө чакырды
- 1 месяц мурун
Кыргызстандын бир катар банктары Европа биримдигинин (ЕБ) Россияга киргизген санкция салуу тизмесине киргизилди. Кыргызстандын “Толубай Банкы”, “Евразиялык сактык кассасы банкы” жана “Олд Вектор“ «Гринекс” компаниялары Европа Биримдигинин санкциясына кабылды. Алар Россияга менен төлөм жүргүзүп, криптоактив жеткирип турат.
Ошону менен кыргызстандык төрт банк Россияга салынган санкция тизмесине кирди. Буга чейин Кыргызстандагы “Капитал банк” жана “Керемет банк” санкиця тизмесине киргизилген.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүч билдирди.
“Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактоодо жана Европа Биримдигиндеги өнөктөштөрү менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Европа Биримдиги Борбордук Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүктү куруу жана анын ичинде биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү ниетин ырааттуу түрдө билдирип келет. Бул контекстте кыргыз тарап да Европа Биримдиги жана анын мүчө-мамлекеттери менен тең укуктуу, өз ара урматтоо жана ишенимдүү өнөктөштүккө даяр. Мындай мамиле бир жактуу санкциялардан айырмаланып, өз ара пайдалуу максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасы фактылык жагдайларды текшерүү жана каралып жаткан чектөөчү чаралар ишенимдүү жана тастыкталган маалыматтарга негизделгендигин тастыктоо үчүн Европа Биримдигини көз карандысыз, эл аралык таанылган аудитти өткөрүүгө расмий түрдө чакырат” деп айтылат ТИМ билдирүүсүндө
Кыргыз тарап үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди биргелешип баалоо боюнча Кыргызстан — Европа Биримдиги адистештирилген биргелешкен техникалык жумушчу топ түзүүнү сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




