Министр Кулубаев Бишкекте Мохаммад Исхак Дар менен жолугушту  

  • 2 месяца мурун

21-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистан премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар менен жолугушту. Исхак Дар Астанадан Исламабадга бара жатып, Бишкекте кыска мөөнөт болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында тараптар соода, инвестиция, транспорттук коммуникациялар, текстиль өнөр жайы, туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. чөйрөлөргө байланыштуу маселелерди талкуулаганы айтылат.  Ошондой эле жакынкы мезгилде Кыргызстан жана Пакистан ТИМдеринин ортосунда кезектеги саясий кеңешмелерди өткөрүүнү макулдашышты.

Пакистандык студенттердин Кыргыз Республикасында жүрүшүнө байланыштуу министр Кулубаев укук коргоо органдары тарабынан алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн билдирди. Министр 13-майда болгон окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр мыйзам чегинде  жазаланаарын белгиледи.

Өз кезегинде Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри  Мухаммад Исхак Дар кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптан ыкчам көрүлгөн чаралар жана күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди.

20-майда Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.  

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты