Министр Алмазбек Бейшеналиевди колдоочулар сот имаратынын алдына чогулушту

Бүгүн, 30-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралмакчы.

Сот баш коргоо чарасын чыгарар алдында сот имаратынын алдына анын жактоочулары чогулду.     

Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган. Ал эки суткага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бейшеналиевдин тарапкерлери муну «чагым» деп атап жатышат.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул иш ар тараптуу иликтенерин билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты.

Сүрөттөр: “ПолитКлиника” медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты