Минген аты келип, өзү жок. Чоң-Кеминде дайынсыз болгон жаран изделүүдө

  • 2 месяца мурун

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тургунду издөө иши улантылууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, издөө иштерине бүгүн, 4-декабрда Кемин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40, жалпы 94 адам тартылды.

Мурда маалымдалгандай, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу киши 29-ноябрда жайлоого сарайда турган досуна учурашканы барып, минип жүргөн аты кайтып келген, ал эми өзү кайрылып келген эмес. Бул боюнча маалымат «102» кызматына 1-декабрда түшкөн. ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге 2-декабрда кайрылуу болуп, ошондон бери издөө иштери улантылып жатат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты