“Ак илбирс экофест-Кемин-2026” экофестивалы өтөт
- 3 месяца мурун
Быйыл Чоң-Кеминде «Ак илбирс ЭкоФест – Кемин 2026» экофестивалын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев билдирди.
Маалыматта айтылгандай, фестиваль жаратылышты коргоо идеяларын жайылтууга, экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жана тоо экосистемаларын сактоо маселелеринин айланасында мамлекетти, бизнести жана коомчулукту бириктирүүгө маанилүү аянтча болот.
«Иш-чара ошондой эле Кыргызстандын бийик тоолуу жаратылышынын символу болгон ак илбирсти коргоо маселесине көңүл бурууга, экологиялык демилгелерди колдоого жана аймакта туруктуу туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт» деп белгиленди маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: mnr.gov.kg Сүрөт капкандан
Муну бөлүшүү




