Нарын дайрасына түшүп кеткен киши изделүүдө
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 23-ноябрда, Нарын дарыясына түшүп кеткен адамды издөө иштерин улантуу максатында жалпы 123 адам чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМден 23 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, Токтогул ГЭСинен 20 кызматкер, Камбар-Ата ГЭСинен 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам издеп жатышат.
Суудан издөөдө 10 кайык, эхолот жана суу астында издөөчү робот колдонулууда.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан 20-ноябрь түнү 1972-жылы туулган У.Э. аттуу киши Нарын дарыясына түшүп кеткен. Маалымат түшкөндөн тартып тынымсыз издөө иштери уланууда.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан
Муну бөлүшүү




