Кемин районунда “Ак илбирс экоФест-2026” фестивалы өттү
- 4 недели мурун
- Фоторепортаж
Кемин районуна караштуу Шабдан айылында “Илбирс: экологиялык билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи” деген темада “Ак илбирс экоФест 2026” экологиялык фестивалы өттү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Фестивалды президентикн администрациянын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен “Илбирс – Жашыл Муун” коомдук фонду уюштурду.
Иш-чарага президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жаштар, фольклордук топтор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Фестивалдын ачылышында Динара Кемелова 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык тууралуу айтып берди. Саммиттин бир күнү эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөгө арналары айтылды.
Фестивалдын алкагында экологиялык маданиятты жана жаратылышка аяр мамилени жайылтууга багытталган арт-зоналар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, мастер-класстар, сынактар, мелдештер жана маданий программа уюштурулду.
Ошондой эле клен дарагынын көчөттөрү отургузулду.





Сүрөттөр: president.kg




