Чоң-Кеминде жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран изделүүдө
- 2 месяца мурун
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө ишине бүгүн, 3-декабрда да улантылды.
Кемин районунан 4 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жалпы 7 адам тартылды.
Мурда маалымдалгандай,1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам 29-ноябрда жайлоого сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.ьБул боюнча маалымат “102” кызматына 1-декабрда түшкөн, ал эми ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге 2-декабрда кайрылуу болуп, жалпы 46 адам издөө ишин жүргүзүшкөн.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү