Миллиардер Илон Маск президент Трамптан кечирим сурады
- 1 год мурун
Tesla жана SpaceX компанияларынын ээси, миллиардер Илон Маск президент Трамп тууралуу өткөн жумада социалдык тармакта жазган айрым посттору үчүн кечирим сурады.
“Өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу айрым постторум үчүн өкүнөм. Алар чектен чыгып кетти” деп жазды Маск.
Илон Маск ал постторунун мазмунуна токтолгон жок.
5-июнда Илон Маск финансист Жеффри Эпштейн тууралуу сексуалдык ыдык көрсөтүү үчүн жашы жете элек балдарды сатуу тууралуу документтерде Дональд Трамптын да аты аталганын айткан. 7-июнда Маск ал постун өчүргөн.
Миллиардер Маск АКШнын салыктык жеңилдиктер тууралуу республикачылардын мыйзамын сынга алгандан кийин коомчулук алдында Илон Маск менен Дональд Трамп айтыша кеткен. Трамп Масктын компаниялары менен болгон мамлекеттик контракттарды токтотуу менен коркуткан.
Tesla жана SpaceX компанияларынын ээси Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трампка байланыштуу саясий комитеттерге 100 миллион доллар саларын билдирген, бирок эл алдында экөө кайым айтышып кеткенден кийин, Маск ал оюнан кайткандыгын NBC News басылмасына бизнесмендин атын атабаган кеңешчилеринин бири билдирген.
Сүрөт: Интернет булактарынан




