Милиция Турсунбек Акун жаракат алган окуяны териштирүүдө
- 3 недели мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы укук коргоочу, мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акундун бүгүн, 26-майда, мейманканада жаракат алганы боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.
Турсунбек Акун башынан жана колунан жаракат алганын Фейсбук баракчасында билдирген. Ошондой эле КДКнын 35 жылдыгын өткөрүүгө ага тоскооол толушканын да кошумчалаган.
Мейманкананын балдары эшикти жулкулдатууда айнек сынып, Турсунбек Акун башынан колунан жабыркаган.
“Биз бул жакка майрамдык маанай менен, таттууларыбызды көтөрүп, элге “Шро” таратылып, сонун көүл менен өткөрөлү деп келгенбиз. Зал эбак эле сүйлөшүлүп., тиешелүү акысы төлөнүп, кофе-брейк менен салтанаттуу жыйыныбызды өткөрмөкпүз” деп жазган Турсунбек Акун.
Бул КДКнын 35 жылдыгын өткөрүүгө болгон тоскоолдук экенин да Турсунбек Акун белгилеген:
-Биз Кыргызстан Демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгын өткөрүү боюнча бир айдан бери катуу даярдык көрүп жатканбыз. Бүгүн, 26-май – КДКнын түзүлгөн күнү. Ушул күнү биз Кыргызстандын бардык бурчтарынан келген КДКнын мүчөлөрүн, бардык патриотторду чогултуп, маараке-салтанатын өткөрмөкпүз. Кечээ “София” мейманканасынын администратору чалып, “болбой калды, өтпөй кала турган болуп калды, өткөрө албайбыз, свет өчүп калыптыр, шарт жок экен” деп бизге жагымсыз кабар берди. Биз ага көнгөн жокпуз. Адамдардын баары келген, мейманкана менен келишимге кол коюлган болчу. Алар эгер болбой кала турган болсо, 10 күн мурда айтышы керек болчу. Андай деп айткан эмес. Кечээ эле биздин балдар келип, столдорду коюп кеткен, баары даяр болчу. Бул эми же мамлекеттик органдардын бут тоскондору. Дагы жакшы, мамлекеттик катчы Марат Иманкуловго чалсак, ал киши ачтырып, иш-чараны өткөртүүгө аракеттерди көрүп жатат. Жарыкты атайын өчүрүшкөндөй, свет бир жерде бар, бир жерде жок, -деди Турсунбек Акун.
Сүрөт: Социалдык тармактан