Турсунбек Акун: КДКнын 35 жылдыгын белгилей турган күнү бут тосуулар болууда
- 1 год мурун
Бүгүн, 26-майда, белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун Кыргызстан Демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгын белгилээр күнү бут тосуулар болуп жатканын билдирди. Ошондой эле буга чейин мейманкананын кызматкерлери эшикти жулкулдатып, айнек сынып, анын сыныктары Турсунбек Акундун башына, колуна тийип, жабыркаган.
Турсунбек Акун мындай деди:
-Биз Кыргызстан Демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгын өткөрүү боюнча бир айдан бери катуу даярдык көрүп жатканбыз. Бүгүн, 26-май – КДКнын түзүлгөн күнү. Ушул күнү биз Кыргызстандын бардык бурчтарынан келген КДКнын мүчөлөрүн, бардык патриотторду чогултуп, маараке-салтанатын өткөрмөкпүз. Кечээ “София” мейманканасынын администратору чалып, “болбой калды, өтпөй кала турган болуп калды, өткөрө албайбыз, свет өчүп калыптыр, шарт жок экен” деп бизге жагымсыз кабар берди. Биз ага көнгөн жокпуз. Адамдардын баары келген, мейманкана менен келишимге кол коюлган болчу. Алар эгер болбой кала турган болсо, 10 күн мурда айтышы керек болчу. Андай деп айткан эмес. Кечээ эле биздин балдар келип, столдорду коюп кеткен, баары даяр болчу. Бул эми же мамлекеттик органдардын бут тоскондору. Дагы жакшы, мамлекеттик катчы Марат Иманкуловго чалсак, ал киши ачтырып, иш-чараны өткөртүүгө аракеттерди көрүп жатат. Жарыкты атайын өчүрүшкөндөй, свет бир жерде бар, бир жерде жок, -деди Турсунбек Акун.
Буга чейин аны мейманкана кызматкерлери эшикти жулкулдатып, анын кесепетинен айнек сынып, сыныктары Турсунбек Акундун башы жана колуна тийип, канап кеткени социалдык тармактардагы видеотасмада көрсөтүлгөн.
Кыргызстан Демократиялык кыймылы 1990-жылдын 26-майында КДК түзүлгөн.
Сүрөт: Социалдык тармактан




