Милиция «Кумтөрдөн» күйүүчү май уурдап саткан жаран кармалганын билдирди

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облустук милициясы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан күйүүчү май уурдап саткан жаран аныкталганын билдирди.

29-май күнү болжол менен түнкү саат 02.30 чамасында Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүнүн Сары-Мойнок тилкесинде «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаадан канистрлерге куюлган 300 литр солярка табылган.

Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин «Кумтөрдүн» айрым кызматкерлери ишканадан күйүүчү май уурдап, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жатканы жөнүндө маалымат түшкөнүн билдирген. Ошонун негизинде аталган унаанын айдоочусун жана жүргүнчүсүн сураштырышкан. Алар солярканы «Кумтөрдүн» жол түздөө тармагында иштеген адамдан сатып алышканын билдирген.

Териштирүүдө күйүүчү майды саткан жаран Барскоон айылынын А.Н. аттуу 29 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон. Шектүү жаран «Кумтөр» менен келишимдин негизинде иштеп жаткан «Тарылга Сервис» подряддык жеке уюмдун кызматкери экени аныкталып, күнөөсүн мойнуна алган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары уланууда.

«Центерра Голд» башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен «Центерра Голд» быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан «Центерра Голдго» 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми «Кумтөр Голд Компанинин» 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Иллюстрациялык сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты