Милиция чогулгандарды тартып жаткан «Азаттыктын» кабарчыларын кармап кетти
- 4 недели мурун
- Видео
Бишкектеги СИЗО№1 тергөө абагында чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан «Азаттыктын» кабарчылары Максат Кутманбеков менен Нурлан Бейшебаевди милициянын Октябрь райондук бөлүмүнө алып кетишти.
Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Журналисттер абак жайынын алдында чогулгандар абак жайындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылып чыгышкандарды тартып жатышкан.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы бул тууралуу маалымат бере элек.
Бир катар ЖМК жаза аткаруу кызматына жаңы жетекчиликтин дайындалышына нааразы болгондор жапырт ачкачылык кармап жатканын жазган. Бирок жаза аткаруу кызматы ал маалыматты төгүндөгөн.
24 kg агенттиги абакта жаткандардын туугандарынын маалыматына ылайык, абак жайына жаңы жетекчиси Чынгыз Кожошевдин келишине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганын жазды. Мурдагы жетекчи Аскат Эгембердиевдин убагында мыйзамдын чегинде тынч кармалып жатышканын, эми уруп-согуу болуп жатканын айтышканын абактагылардын жакындары билдиришкенин жазган.
Сүрөт: «Азаттык»