Тергөө абагында жапырт ачкачылык кармалганы айтылды. ЖАК аны төгүндөдү

  • 2 месяца мурун

Тергөө абак жайында жаткандар жапырт ачкачылык кармап жатышат деген маалыматты Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы аны төгүндөдү.  

«22-декабрга караган түнү Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) түзөтүү мекемелеринде жана ТИЗОлорунда абактагылардын массалык ачкачылык акциясы башталганы тууралуу социалдык тармактарда жана коомдук сайттарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. ЖАКтын мекемелери күнүмдүк тартипке ылайык кадимкидей иш алып барууда» деп айтылат ЖАК тараткан маалыматта.

Бир катар ЖМК жаза аткаруу кызматына жаңы жетекчиликтин дайындалышына нааразы болгондор жапырт ачкачылык кармап жатканын жазган.

24 kg агенттиги абакта жаткандардын туугандарынын маалыматына ылайык, абак жайына жаңы жетекчиси Чынгыз Кожошевдин келишине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганын жазды. Мурдагы жетекчи Аскат Эгембердиевдин убагында мыйзамдын чегинде тынч кармалып жатышканын, эми уруп-согуу болуп жатканын айтышканын абактагылардын жакындары билдиришкенин жазган.  

Буга чейин Акыйкатчы институтунун кызматкери 20-21-декабрда Бишкектеги СИЗО-1 абак жайында кармалгандардын социалдык тармактарга жарыялангандар боюнча, кармалгандардын бири сабалбаганын, жыгылып кетип, денеси көгөргөнү тууралуу жазуу жүзүндө билдиргенин, бирок ошол эле киши 21-декабрда Акыйкатчы институтунун кызматкерине өзүнүн сабалганын билдирип, укугун коргоого алууну суранган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту тергөө абак жайындагылардын укугун коргоого алуу кайрылуусун даярдап жатканын кошумчалады.   

Абак жайындагылар анда тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн билдиришкен.

18-декабрда Аскат Эгембердиев жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Чыңгыз Кожошев дайындалган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты