«Менчик жерлерди алып коюуга каршымын». Президент Жер кодекси боюнча мыйзам долбоору тууралуу

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Жер кодекси тууралуу мыйзам долбоору боюнча «Кабар» агенттигине пикирин билдирди.  

— Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Жеке менчик мүлктөр кол тийгис. Эгер айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жерлери болсо, анда башка кеп.

Аталган фонддун жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек.

Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек,-деди Жапаров.  

Ошондой эле жеке менчик жерлер бош жатпашы керек экенин кошумчалады:

-Ошондуктан бир квадрат метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели.

Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да.

Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам,-деди президент.

Бүгүн, 20-февралда, Бишкекте Жаңы жер кодекси тууралуу мыйзам долбооруна каршы кол топтоолор жүрүп, президентке кайрылуу даярдалды.

Чогулгандар президент Садыр Жапаровду аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырып, кайрылуу кабыл алышты. Эгер Жер кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынса, жеке менчикке болгон укук корголбой каларын билдиришти.

Буга чейин, 13-февралда, Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы Жер кодекси тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттар менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган. Мыйзам менен дачаларга айыл статусу ыйгарылмакчы.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты