Мээрим Ташыбекованы алдоо жолу менен ири суммадагы акча алууга шектүү кармалды

  • 2 месяца мурун

Мээрим Ташыбекованы алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы 5-февралда билдирди.  

“2024-жылдын 17-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Т. аттуу жаран кайрылган, себеби белгисиз адамдар телефон аркылуу өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып жана алдоо жолу менен ишеничине киришип, 825 миң сом акчасын котортуп алгандыгы тууралуу билдирген. Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү, 2002-жылы туулган А.Х., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди” деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева журналист Мээрим Ташыбекованын телефон шылуундарына алданып калгандыгы жана ага укук коргоо органдары жардам бербей жаткандыгы тууралуу айтып чыкты.   

-Биздеги телефондук шылуундар боюнча көйгөйлөр абдан көп болуп жатат. Жакынкы эле күндөрү Мээрим Ташыбекова деген журналист, бул “Кыргызпатентте”, мамлекеттик мекемеде пресс-катчы болуп иштеген кыз телефондук шылуундарга алданып, бир миллионго (сомго-ред.) чукул кредитти шылуундарга алып берип, бүгүнкү күнү тийиштүү органдарга, укук коргоо органдарына кайрылып, жооп ала албай, жардам күтө албай жүрөт.

Бул кыз үч айдан бери мыйзамдык жардам ала албай жүргөнүн соцтармакка жазып, “Азаттыкка” да интервью берип жүрөт. Тергөөчүлөр ар кандай шылтоолорду айтып, бул кызга мыйзам чегинде алгылыктуу жообун да бере албай келе жатышканы өтө таң калыштуу болуп жатат. Ошондуктан ушул ишти колго алып, тийиштүү органдар иштеп, сөзсүз түрдө эле бул кыз башкы прокуратурага барып, өткөндөгүдөй болуп, өзүнө өрт коюш керекпи? Мыйзамдуу мамлекетте жашагандан кийин, чара колдонулушу керек да,-деди депутат Камила Талиева.  

“ПолитКлиника” медиасына Мээрим Ташыбекова өзүн шылуундар ири суммага алдап кеткендигин айтып берген.

Сүрөттө: Шектүү. Свердлов РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты