Мээрим Ташыбекова сөзсүз эле өзүнө өрт коюш керекпи? Депутат Талиева телефон шылуундарына чара көрүү тууралуу (Видео)  

Бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева журналист Мээрим Ташыбекованын телефон шылуундарына алданып калгандыгы жана ага укук коргоо органдары жардам бербей жаткандыгы тууралуу айтып чыкты.   

— Биздеги телефондук шылуундар боюнча көйгөйлөр абдан көп болуп жатат. Жакынкы эле күндөрү Мээрим Ташыбекова деген журналист, бул “Кыргызпатентте”, мамлекеттик мекемеде пресс-катчы болуп иштеген кыз телефондук шылуундарга алданып, бир миллионго (сомго-ред.) чукул кредитти шылуундарга алып берип, бүгүнкү күнү тийиштүү органдарга, укук коргоо органдарына кайрылып, жооп ала албай, жардам күтө албай жүрөт.

Бул кыз үч айдан бери мыйзамдык жардам ала албай жүргөнүн соцтармакка жазып, “Азаттыкка” да интервью берип жүрөт. Тергөөчүлөр ар кандай шылтоолорду айтып, бул кызга мыйзам чегинде алгылыктуу жообун да бере албай келе жатышканы өтө таң калыштуу болуп жатат. Ошондуктан ушул ишти колго алып, тийиштүү органдар иштеп, сөзсүз түрдө эле бул кыз башкы прокуратурага барып, өткөндөгүдөй болуп, өзүнө өрт коюш керекпи? Мыйзамдуу мамлекетте жашагандан кийин, чара колдонулушу керек да,-деди депутат Камила Талиева.  

29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев интернет шылуундар көбөйүп кеткени боюнча маселе көтөрдү.

Кийинки кездерде интернет алдамчыларга акчасын алдаткандар көбөйүп бара жатат. “ПолитКлиника” медиасына алардын бири — Мээрим Ташыбекова айтып берген.

20-январда Башкы прокуратуранын алдында бир киши өзүнө өзү өрт койду. Бул тууралуу активист Ыргалай Бекмуратова Фейсбук баракчасына жазды.

Маалымат боюнча, өзүнө өрт койгон киши ага эч ким жардам бербей жатканын айткан. 2023-жылдын сентябрь айында 520 миң долларга бирөөдөн үй сатып алган. Аны документтештирүүдө үй камакта экени белгилүү болуп, үйдү алып коюшкан. Акыйкат издеген киши укук коргоо органдарына кайрылса, алар ишти жаап салганы айтылды.  

Баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты